Алайда жол кырсыгында бир тууган Мариповдор набыт болду

11:10, 27 ноября 2017, Бишкек - 24.kg

Ош шаардык жер түзүлүшү жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынын жетекчиси Тяншанбек Марипов жол кырсыгында набыт болду. Бул тууралуу ИИМдин жол кайгуул кызматынын башкы башкармалыгы маалымдайт.

Ош-Иркештам жолунуну 54-чакырымында «Лексус LX-470» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Унаадагы жүргүнчүлөр жайында мерт кетти.

Тяншанбек Мариповдун жанындагы бир туугандары Шарабидин жана Арабидин Мариповдор болушкан.

Шарабидин Марипов — «Түндүк» бажы ыкчам кызматынын жетекчисинин орун басары.