Жети-Өгүздө баптистти жергиликтүү мүрзөгө коюуга айыл тургундары каршы чыкты

17:58, 24 ноября 2017, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында башка динди тутунган тургунду жергиликтүү мүрзөгө коюуга каршылык көрсөтүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМК маалымдайт.

Маалыматка караганда, жергиликтүү тургун 23-ноябрда ооруканада каза болгон. Аны жерге берүү үчүн туугандары мусулмандардын мүрзөсүнөн жер алууга кайрылганда жергиликтүү тургандар ага каршы болушту.

Көзү өткөн жаранды эми коңшу Кажы-Сай айылындагы мүрзөгө коюу чечими кабыл алынды. Ал мүрзөдө башка диндин өкүлдөрү көмүлөт.