Илимпоздор археологиялык табылганы казып жаткан аксылыктарга эскертүү берди

17:43, 23 ноября 2017, Бишкек - 24.kg , Суйунбек ШАМШИЕВ

Илимдер академиясы археологиялык табылганы өз алдынча казып алууга кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет. Бул тууралуу академиянын тарых жана маданият институтунун директору Аблабек Асанканов билдирди.

Анын айтымында, Аксы районун Кызыл-Жар айылынын тургундары табылган кумураны өз алдынча казып алууну токтотушу керек.

«Илимпоздор барып, жерди карап, кумуранын баалуулугун аныкташат. Ал мамлекеттик менчик болуп саналат. Аны жергиликтүү музейде калтыруу, же Бишкекке алынып келүү маселесин да Илимдер академиясы чечет», — деди ал.