15:30
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

«Ата-Мекен» Атамбаевге «Кыргыз Республикасынын баатырын» ыйгарууну сунуштады

Жогорку Кеңештин «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын баатыры» наамын ыйгарууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүнкү отурумда билдирди.

Депутаттын пикиринде, мамлекеттик башчысынын эмгеги тарыхта ордун табат.

«Эртең, 24-ноябрда, президент ишин өткөрүп берет. Алмазбек Атамбаев көп иш аткарды. Мисалы, Түндук-түштүк альтернативдүү жолунуну курулушу, Кемин-Датка линиясы, акыркы шайлоо. Биз азыр дүйнөнү таң калтырып турабыз. Атамбаевдин эмгеги 100 жылдан кийин дагы тарыхта калат. Андыктан президентке «Кыргыз республикасынын баатырын» ыйгарууну сунуштайм», — деди ал.

Эскерте кетсек, «Кыргыз республикасынын баатыры» — эң жогорку мамлекеттик сыйлык. Ал 1996-жылы кабыл алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби