Токмок шаарында көчөдө ымыркай табылды

09:34, 23 ноября 2017, Бишкек - 24.kg

Токмок шаарынын Охотничий көчөсүндө ымыркай табылды. Бул тууралуу укук коргоо органдары маалымдайт.

Алардын айтымында, жаңы төрөлгөн наристени көчөгө таштап кеткен энеси изделүүдө.

Ымыркай кыз медициналык кароого алынды. Анын салмагы 3 килограмм 400 грамм.