10:56, 22 ноября 2017, Бишкек - 24.kg , Юлия КОСТЕНКО
Бишкек-Кара-Балта жолун оңдоо жарандардын арызынан кийин токтотулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов билдирди.
Анын айтымында, жол боюндагы үйлөрдө жарака пайда болууда. Аны адистер дагы ырасташты.
«Азыр иш үйлөр жок жерде жүрүп жатат» — деди министр.