Аксы районунун тургунунун чарбагынан археологиялык табылга казылып алынууда

10:13, 22 ноября 2017, Бишкек - 24.kg , Суйунбек ШАМШИЕВ

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Жар айылынын тургунунун чарбагынан археологиялык табылга казылып алынууда. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине айыл өкмөтү Нурбек Мураталиев билдирди.

Анын айтымында, үйдүн чарбагынан бир жарым ай мурда чоң кумура табылган. Аны азыр акырындап казып алып жатышат. Айыл тургундары кумураны жергиликтүү мектептин тарыхый музейине өткөрүү сунушталууда.

Фото

«Кумурага милция, илимпоздор, расмий кишилерден эч ким кызыккан жок. Албетте сураса айыл тургундары аны өткөрүп беришет. Азыр өзүбүз коргоп жатабыз», — деди Нурбек Мураталиев.