Алмазбек Атамбаев журналистке кол саатын тартуулады

14:05, 20 ноября 2017, Бишкек - 24.kg , Жазгүл МАСАЛИЕВА

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүнкү жыйынтыктоочу маалымат жыйында журналистке кол саатын тартуулады.

Жыйында «Де-факто» гезитинин редактору Амантур Мусагулов, Атамбаевге түшүн айтып берди.

«Түшүмдө мен сиздин саатыңызды тагып жүрүптүрмүн» — деди ал.

«Иним дагы жакшы күрмөмдү сурабадың» — деп, өлкө башчысы саатын чечип берди.

Алмазбек Атамбаевдин жыйынтыктоочу маалымат жыйынына 140 журналист катышты. Маалымат жыйын эки саатка уланды.