10:41
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргызстандагы жалгыз бутан — Доржи Кинлай

Доржи Кинлай Бутан хандыгында төрөлгөн. Ал акыркы беш жылдан бери Бишкекте жашап, БУУнун азык-түлүк жана айыл-чарба товарлары боюнча өкүлү катары иштейт.

Ал Бишкекте жашыл-барактардын көптүгү жана өлкөнүн жаратылышынын кооздугуна таң калгандыгын айтат. Кыргызстанда ал өзүнүн мекенинде жүргөндөй сезерин билдирет.

—Айрыкча тоолор —менин мекениме окшош. Андан тышкары айрым салттар дагы Бутандагы каадаларга окшошуп кетет. Мисалы, бизде дагы улууларга урмат-сый көрсөтүлөт. Майрам күндөрү, же жаназада туугант-туушкандарды топтоп турабыз.

— Кыргызстанда жашап, эмнеге кусаа болосуз?

— Биз Кыргызстандагы жападан жалгыз бутандык үй-бүлөбүз. Андыктан, майрамдарда башкалардай мекендештерибиз менен чогула албайбыз. Кусаа болгондо, майрамдарда Бутандын телеберүүлөрүн көрүү менен күн өткөрүбүз.

— Кыргызстанда өзүңүзгө жаккан жайлар пайда болдубу?

— Мага Ала-Тоо борбордук аянты жагат. Ал жерде жылдын баардык мезгилинде, ар кандай аба-ырайына карабай сейилдеп жүрө берем.

— Улуттук ашканадан кайсы тамактар жагат?

— Мен эт жебейм. Андыктан кыргыздын көп аш-тамактарына даам тийген жокмун. Калган тамактардан Караколдун ашлямфусун жактырам.

— Жергиликтүү тургундарга кандай мүнөздөмө бересиз?

— Элдер абдан кичипейил жана жардам берүүгө даяр. Бирок, унаалардын саны көбөйгөнүнө байланыштуу айдоочулардын маданиятын оңдоо керек дейт элем.

Негизинен унаалардын санын кыскартуу зарыл. Анын ордуна шаардын биосферасын жакшыртса жакшы болмок.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби