Өкмөт көмүрдүн баасын мамлекеттик көзөмөлгө алат

09:30, 17 ноября 2017, Бишкек - 24.kg

Премьер-министр Сапар Исаков кол койгон токтомдо 90 күн өлкө аймагындагы көмүр баасы көзөмөлдөнөрү айтылат.

Эскерте кетсек, октябрь айында Казакстан убактылуу көмүрдү экспорттоого тыюу салган. Азыр коңшу өлкөдөн көмүр Кыргызстанга келип жатат. Анткен менен айрыкча өлкөнүн түштүк облустарында көмүр баасы кескин кымбаттады.