09:25, 17 ноября 2017, Бишкек - 24.kg
Алмазбек Атамбаев Владимир Путин менен жолугушат. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы билдирет.
Маалыматта Россиянын президенти бүгүн Санкт-Петербург шаарында Эл аралык маданият форумуна катышып, анын алкагында Кыргызстандын өлкө башчысы менен жолугары айтылат.
Бул Владимир Путин менен Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызматта акыркы жолугушуусу болот. Сооронбай Жээнбеков 24-ноябрда ант берип, ишке киришет.