11:08
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

«Республика — Ата Журт» Бабановдун ордуна жаңы башчы шайлады

Жогорку Кеңештин «Республика — Ата Журт» фракциясы жаңы лидерин шайлады. Бул тууралуу парламенттин отурумунда депутат Умбетаалы Кыдыралиев билдирди.

Анын айтымында, фракция жабык жыйында Руслан Казакбаевдин талапкерлигин колдоду.

Эскерте кетсек, мурдакы лидери Өмүрбек Бабанов апта башында кызматын тапшырган. Ал шайлоодогу утулуштан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Айрым маалыматтарга караганда Бабанов учурда Чехияда дарыланууда.

Руслан Казакбаев «Республика» партиясынын мүчөсү жана Өмүрбек Бабановдун жакшы санаалашы экендиги белгилүү. Ал Тышкы иштер министри болуп эмгектенген.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума