Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясынын орду жана убакыты белгилүү болду

15:11, 16 ноября 2017, Бишкек - 24.kg

Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясынын орду жана убакыты белгилүү болду. Бул боюнча уюштуруу комитетинин жыйынында айтылды.

Ант берүү аземи Мамлекеттик резиденциянын «Эне-Сай» залында саат 10.00 башталат.

Сооронбай Жээнбеков 24-ноябрдан тарта президенттик кызматка киришет. Ал 54,77 пайыз добуш менен шайлоодон утуп чыкты.