13:44, 16 ноября 2017, Бишкек - 24.kg
Ошто төрт жашар кызды зордуктоого аракеттенген киши кармалды. Бул тууралуу шаардык Ички иштер башкармалыгы маалымдайт.
Алардын маалыматында, 20-жаштагы улан бала бакчага кирип, өзү жалгыз ойноп жаткан кызды зордуктоого аракеттенген. Кыздын жанында тарбиячы дагы, башка балдар да болгон эмес.
Кыздын ата-энеси арыз жазышты. Шектүү азыр сурак берүүдө.