23:56
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

«Кумтөр» ишканасында тогуз айда 138 561 унция алтын өндүрүлдү

Centerra Gold Inc. («Центерра») жана «Кумтөр Голд Компани» (КГК) 2017-жылдын III чейрегиндеги ишинин жыйынтыктарын чыгарышты. Биринчи жарым жылдыкта «Кумтөрдө» 404 584 унция же 12 583,98 кг алтын өндүрүлгөн. Ишкана жыл башынан бери 6,8 миллиард сомдон ашуун салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон.

Өндүрүш жана сатып өткөрүү

2017-жылы үчүнчү чейрегинде Кумтөрдө 138 561 унция алтын өндүрүлгөн, а 2016-жылы ушул эле мезгилинде өндүрүүнүн көлөмү 166 030 унцияны түзгөн.

2017-жылы үчүнчү чейрегинде 99 514 унция, же 3,1 тонна алтын сатып өткөрүлдү. Продукцияны сатып өткөрүүдөн түшкөн жалпы каражат 124,3 млн долларды түздү.

«Кумтөр» кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын КГК, «Кыргызалтын» ААКы жана КР Өкмөтү ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, Кара-Балта шаары аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн «Кыргызалтын» сатып алат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү КРдин аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз «Кыргызалтын» ААК гана ээ.

Операциялык жумшоолор жана башка маанилүү көрсөткүчтөр

Операциялык жумшоолор 2017-жылы үчүнчү кварталында 26,7 млн долларды түзүү менен 2016-жылы ошол эле мезгилине салыштырмалуу 18,5 млн долларга төмөндөгөн. Бул, 2017-жылы карьердин үчүнчү чейрегинде капиталдаштырылган борбордук бөлүгүндөгү № 18 иш участогундагы бош текти жылдыруунун олуттуу көлөмдөрүн кошо алганда, тоо-кен иштеринин көлөмүнүн 41%га өсүшүн билдирет. Кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну кошо алганда, операциялык чыгымдар 2016-жылы үчүнчү чейрегиндеги 83,9 млн долларга салыштырмалуу 57,5 млн долларды түзгөн. Төмөндө операциялык чыгымдардын башкы курамдары (тоо-кен иштери, фабрикалык кайра иштетүү жана кен ишканасынын территориясын тейлөө) боюнча материалдык жүгүртүү каражаттарынын запастарына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө чейин көрсөтүлгөн чыгымдардын өсүшүнүн себептерин түшүндүрүү келтирилет.

Кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну кошо алганда, тоо-кен иштерин жүргүзүүгө чыгымдар 2017-ж. үчүнчү кварталында жалпысынан 49,2 млн долларды түзгөн, ал 2016-жылы ушул эле кварталындагыдан 4,7 млн долларга көп. Бул өсүш дизель отунун сатып алууга көбөйүп кеткен чыгымдардан (1,8 млн доллар) келип чыккан, ал негизинен сатып алуу бааларынын өсүшү; негизинен жардыруу иштеринин көлөмдөрүн кеңейтүүгө байланыштуу жардыруу иштерин жүргүзүүгө чыгымдардын көбөйүшү (1,3 млн доллар); жаңы жамааттык келишимди түзүү жана жергиликтүү валютанын бекемделиши менен байланышкан эмгекке акы төлөөгө чыгымдардын көбөйүшү (1,2 млн доллар) байланышкан. Андан тышкары, 785 жүк ташуучу машинаны кошумча ремонтунун зарылдыгынын натыйжасында ремонт иштерин жүргүзүүгө чыгымдар да өскөн (0,7 млн доллар).

2017-жылы үчүнчү чейрегинде 19,5 млн долларды түзүү менен фабрикалык кайра иштетүүгө чыгымдар да өскөн, алар 2016-жылы ушул мезгилинде 16,1 млн долларды түзгөн. Көрсөтүлгөн өсүш фабриканы 2017-ж. үчүнчү кварталындагы пландуу токтотуу убагында жарым-жартылай өз алдынча майдалоо тегирменинин, шартегирмендин жана жеткире майдалоо тегирмендин футеровкаларын жалпы ремонттоо зарылдыгынан улам жаралган, ошол эле учурда 2016-ж. ушул чейректе жарым-жартылай өз алдынча майдалоо тегирмендин футеровкалары гана жаңыртылган. Компания буу казандарындагы, ири торлордогу жана жаргылчактагы башка тетиктерди да алмаштыруу үчүн фабрика токтогон учурдан пайдаланды.

Кен ишкананын аймагын тейлөөгө чыгымдар 2017-ж. үчүнчү чейрегинде жалпысынан 10,5 млн долларды түзгөн, ошол эле учурда 2016-ж. ушул чейректе 10,1 млн доллар болгон. Бул чыгымдар контракттык уюмдар кен ишкананын аймагын жапырт тазалоо иштерине берилген чоңураак баалардын эсебинен бираз өскөн.

Башкы жумшоолордун динамикасы

2017-жылы үчүнчү кварталында продукцияны сатып өткөрүү менен байланышкан жешилүүлөргө, азаюуларга жана амортизацияга которуулар 27,8 млн долларга чейин, башкача айтканда алар 51,3 млн долларды түзгөн 2016-ж. ушул мезгилине салыштырмалуу 46,%га кыскарган. Көрсөтүлгөн кыскаруу негизинен 2017-ж. үчүнчү чейрегинде продукцияны сатып өткөрүү көлөмүнүн 40%га кыскаруусу менен байланышкан. Негизги фондуларды кармап турууга кыйыр продуктынын эсебинен жана ага дүң кирешеге салык кирбеген сатып өткөрүлгөн продукциянын унциясына кайра эсептегенде, жалпы чыгымдар 2017-ж. үчүнчү кварталында 807 долларды түзгөн, ошол эле учурда 2016-ж. үчүнчү кварталында алар 555 долларды түзгөн, башкача айтканда продукцияны сатып өткөрүү көлөмүнүн 40%га төмөндөшүнө байланыштуу 45%га көбөйгөн. Үчүнчү кварталдын көрсөткүчтөрүнө араздашууларды биротоло жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасы менен жетишилген макулдашуунун алкагында Жаратылышты өнүктүрүү боюнча фондунун (буга чейин топтолгон, бирок төлөнүп берилбеген 2,0 млн доллар каражаттар) пайдасына жаңы экологиялык жыйым (унциясына 20 доллар) да киргизилген.
Негизги фондуларды кармап турууга кыйыр продуктынын эсебинен жана ага дүң кирешеге салык кирген сатып өткөрүлгөн продукциянын унциясына кайра эсептегенде, жалпы чыгымдар 2017-ж. үчүнчү кварталында 983 долларды түзгөн, ошол эле учурда 2016-ж. үчүнчү кварталында алар 742 долларды түзгөн. Бул көбөйүү негизги фондуларды кармап турууга чыгымдардын өсүшү менен байланышкан.

2017-ж. III чейрегиндеги КР бюджетине салыктар, социалдык фондуна которуулар жана башка милдеттүү төлөмдөр 2 миллиард сомдон ашты.


Комментарий
«Центерра Голд» компаниясынын Башкы кызмат адамы Скотт Пери мындай деп белгиледи: «Үчүнчү кварталда биз компаниянын бардык бөлүмдөрүндө ар бир кызматкерди камтуу менен «Work Safe - Home Safe» аталышындагы программаны киргизүүнү аяктадык. Жылдын аягына чейин биз «Центерранын» ар бир кызматкери жылдын аягына карата тиешелүү окутуудан өтүшү үчүн бардык өндүрүштүк аянтчаларыбызда бул программаны киргизүүнү улантмакчыбыз.

Өткөн чейрек олуттуу окуя - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен «Кумтөр» долбооруна тиешелүү бардык талаш маселелерди жалпы жөнгө салуу боюнча макулдашууга жетишүү менен коштолду. 

Бул макулдашуу менен «Кумтөрдүн» кызматкерлеринин жүрүү эркиндигине, ошондой эле «Кумтөрдүн» «Центеррага» каражаттарды которуу мүмкүнчүлүгүнө бардык чектөөлөрдү алып салуу каралат. Бул макулдашуу иштиктүү ишеним маанайын түзөт жана «Кумтөр» долбоорунун алкагында болочок тоо-кен иштерин ишенимдүү пландоого мүмкүндүк берет.

Андан тышкары, бул макулдашуу менен «Кумтөр» долбоору боюнча макулдашуулардын алкактарында «Центерра» менен «Кумтөрдүн» бардык укуктары тастыкталат».

2017-жылдагы III чейректеги өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары www.kumtor.kg сайтында жеткиликтүү.

Эң көп окулган жаңылыктар