11:13, 16 ноября 2017, Бишкек - 24.kg
«Бейиш» борбору имаратынан күч менен көчүрүлүүдө. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Борбордун президенти Оморбай Нарбеков билдирди.
Анын айтымында, алардын имаратын милиция таң эрте курчоого алып, кызматкерлерин киргизбей жатат.
«Бейиш» азыр экспременталдык медициналык академия деп аталып, Саламаттык сактоо министрлигинин карамагында.
Оморбай Нарбековдун айтымында, алардын кеңсесине өкмөт мамлекеттик аткаминерлерди жайгаштырмакчы.
«Бул жерге биз 60 миллиондой каражат жумшаганбыз. Бизге өкмөт Исанова жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги имаратка көчүнүү сунуштады. Бирок, ал ооруканага ылайык келбейт» - деди ал.