Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт. Алардын маалыматында, бүгүн эртең менен саат 7,42де 4,5 баллдык жер силкинүү болду.
Зилзаланын очогу Бөкөнбаев айылынан түштүк-батышынын 43 чакырымында жана Каракол шаарынан түштүк-батышынан 105 чакырымда жайгашты.
Силкинүү Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда 3 баллдай сезилди.