08:59, 16 ноября 2017, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын кызмат мөөнөтү бүтүп жаткан президенти Алмазбек Атамбаевдин 15-ноябрдагы билдирүүлөрүнө Казакстан Сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев жооп кайтарды.
«Атамбаевдин Казакстанга ыплас асылуулар менен коштолгон кезектеги туталанма сөзү чыныгы жакшы коңшулук мамилеге зыянын гана тийгизет. Чоң саясатта мындай түрдөгү эмоцияларга орун жок. Кыргызстанды блокадалоо жөнүндө сөз жүргөн жок. ЕАЭБдин нормаларын - талаптарын аткаруу керек»,- деп жазды Касым-Жомарт Токаев өзүнүн Twitter баракчасына.
Атамбаев 15-ноябрда туруктуу өнүгүү стратегиясын талкуулоо боюнча жыйында кыргыз-казак чек арасындагы абалды “блокада” деп атап, Кыргызстан анын кесепеттерин көтөрө ала турганын айткан. Ошону менен катар Атамбаев ЕАЭБ комиссиясын да кескин сынга алып, "Казакстандын жетекчилигинин жасаганы жана комиссиянын чара көрбөгөнүнөн улам ЕАЭБдин имиджине жана репутациясына орду толгус залака тийүүдө" деп билдирген.
Эскерте кетсек, 10-октябрдан тарта Казакстан Кыргызстан менен чек арадан өткөрүү шарттын катаалдантты.