20:08
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

«Ак-Тилек» өткөрүү бекетинде кайра эле узун кезек түзүлдү

«Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү бекетинде 350 жүк ташуучу ууна чек арадан өтө албай турат. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Чек ара кызматынан билдиришти.

Андан тышкары «Чоң-Капка» өткөрүү бекетинде 190 жүк ташуучу ууна бар.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кечээ эки бекетте тең унаалардын саны 650гө жеткендигин маалымдайт.

Өткөн аптада Казакстан чек арачылары ишин тездеткен. 8-ноябрда «Ак-Тилекте» 40тай гана ууна калган.

Эскерте кетсек, 10-октябрдан тарта Казакстан Кыргызстан менен чек арадан өткөрүү шарттын катаалдантты.

Эң көп окулган жаңылыктар