14:03, 15 ноября 2017, Бишкек - 24.kg
«Досум мени уят кылба, таза иште», — деп президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында Сооронбай Жээнбековго кайрылды.
Ал жыйынды жыйынтыктап жатып президенттин жумуш ага оор болгондугун билдирип, 2018-2010-жылга карата туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясын кайра иштеп чыгууну тапшырды.
«Үч ай ичинде толуктап иштеп чыкса болот. 15-февралда дагы бир жыйын өткөрүп, кабыл алуу керек», — деди Алмазбек Атамбаев.