Парламентте жол коопсуздугун талкуулоо сунушталууда

10:47, 15 ноября 2017, Бишкек - 24.kg , Анара МАМЫТОВА

Парламентте жол коопсуздугун талкуулоо сунушталууда. «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев жолдогу ахыбалды карап чыгуу үчүн бир күн бөлүүнү көтөрдү.

Депутат 30-ноябрда парламенттик саат белгиленгендигин, бирок адам өмүрүн алып жаткан маселеге бир саат аздык кыларын айтты.

«Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров каза болгондон кийин 70 киши жол кырсыгында көз жумду. Бул маселеге бир күн бөлүшүбүз керек», — деди ал.