Кыргызстан ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастарды коргоо комитетине мүчө болду

10:08, 15 ноября 2017, Бишкек - 24.kg

Кечээ ЮНЕСКОнун жаратылыш жана маданияттын дүйнөлүк мурастарын коргоо Конвенциясынын Башкы ассамблеясынын 21-отуруму өтүп, анда Кыргызстан мүчө болуп кабыл алынды. Бул тууралуу К;ыргызстандын ЮНЕСКОдогу Улуттук комиссиясы билдирди.

Аталган комитетке 21 мамлекет кирет. Кыргызстан мындан ары дүйнөлүк мурастардын тизмесин түзүүдө добуш берүү укугуна ээ.