Кочкордо үч кишинин сөөгү үч жерден табылды

09:36, 15 ноября 2017, Бишкек - 24.kg

Нарын облусунун Кочкор районунда үч кишинин сөөгү үч жерден табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт. 

Маалыматта кечээ Арчалуу аймагында кишинин сөөгү табылгандыгы айтылат. ӨКМдин куткаруучулары жарым сааттан кийин Орто-Токой дарыясынын жээгинен дагы бир өлүк денени табышкан. Үч сааттан кийин Чу дарыясынын жээгинде дагы бир сөөк табылды. 

Кишилердин өздүгү жана өлүмүнүн себеби ырасталууда.