11:55, 14 ноября 2017, Бишкек - 24.kg
Бүгүн эртең менен Исфана-Баткен жолунда Тогуз Булак айылында Honda Stepwgn менен «Жигули» унаасы кагышып, үч киши жайында мерт болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.
Лейлек райондук оорукананын башкы даарыгеринин орун басары Айбек Хайдаровдун айтымында, сегиз киши ар кандай жаракат менен ооруканага жеткирилген.
«Анын төртөө оор абалда реанимацияда. Төртөөнүн абалы туруктуу» - деди ал.
Эскерте кетсек, кечээ Ысык-Көлдө эки жол кырсыгы катталып, анда төрт киши набыт болду.