16:28
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өмүрбек Бабанов өз арызы менен фракция лидерлигинен кетти

Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңештин «Республика-Ата Журт» фракциясынын лидерлигинен өз арызы менен кетти. Бул тууралуу анын арызы кечээ фракциянын жыйынында окулду.

Өмүрбек Бабанов фракция биримдикте, ийгиликтүү иш алып баруусу жана социалдык-экономикалык саясатта мурдагыдан да бекем болуусу үчүн ушундай чечим кабыл алгандыгын билдирет. Фракция лидерлигине Руслан Казакбаев, Талант Мамытов, Курманкул Зулушев көрсөтүлүүдө.

Эскерте кетсек, «24.kg» агенттиги буга чейин аталган фракциянын ичиндеги келишпестиктер жана лидерди алмаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын жазып чыккан.

Өмүрбек Бабанов өзү азыр Кыргызстанда жок. Фракциялаштарынын айтымында, ал чет өлкөдө дарыланууда.

Башкы прокуратура Өмүрбек Бабановго каршы конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга чакырык таштоо жана улут аралык кастыкты козутуу кылмыш ишин козгогон.

Эң көп окулган жаңылыктар