2018-жылы ажылыкка биометриялык паспорт менен каттоо жүрөт

15:14, 13 ноября 2017, Бишкек - 24.kg

2018-жылы ажылыкка биометриялык паспорт менен каттоо жүрөт. Бул тууралуу Мусулмандан дин башкармалыгы билдирет.

Алардын маалыматында, ажылык иштери толугу менен электрондоштурулуп, биометриялык паспорту бар зыяратчылар гана катталары айтылат.

Быйыл 4 885 зыяратчы Меккеге барып келди.