Кыргызстанда алты жылда бала бакчалардын саны 2,5 эсеге көбөйдү

14:10, 13 ноября 2017, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда алты жылда бала бакчалардын саны 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.

Анын айтымында, учурда 3-5 жаштагы балдардын 22 пайызы бакчага барат. 

Министр мектептерди курууда жергиликтүү бийлик өзгөчө роль ойнорун белгиледи.