Ысык-Көлдө жол кырсыгында дагы бир киши мерт кетти

12:14, 13 ноября 2017, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жол кырсыгында 29 жаштагы айдоочу мерт кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт. 

Маалыматта кырсык Кызыл-Суу айылында катталгандыгы айтылат. «Нива» менен «Жигули» кагышып, «Ниванын» айдоочусу жайында мерт болду.