17:36
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Баткенде майып түгөйлөргө үй курууга акча топтолду

Баткен облусунда майып түгөйлөргө үй курууга бир миллион сом топтолду. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматта түгөйлөрдү үй менен камсыз кылуу үчүн жергиликтүү ишкер 700 миң сом бергендиги айтылат. Ага кошумча облустук администрация марофон уюштуруп 300 миң сом топтоду.

Бул каражатка Элмурат менен Кундуз үй куруп, эмерек жана идиш аяк сатып алмакчы.

Эң көп окулган жаңылыктар