09:33, 13 ноября 2017, Бишкек - 24.kg
Өлкөнүн карызы бир айда 12,16 миллион долларга өстү. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдайт.
Карыз жыл башынан бери 326,13 миллион долларга көбөйгөн.
30-сентябрда мамлекеттик карыз 4 миллиард 366,55 миллион долларды түздү (299 миллиард 800,58 миллион сом).
Анын 3 миллиард 968,14 миллион доллары (272 миллиард 446,54 миллион сом) тышкы карыз, 398,41 миллион доллары (27 миллиард 354,04 миллион сом) ички карыз.