21:40
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Тажикстанда камактагы генералдын үйү бала бакчага айланды

Тажикстанда өмүр бою эркинен ажыратылган генерал Гаффор Мирзоевдин мамлекеттин карамагына алынган үйүндө бала бакча ачылды. Бул тууралуу centralasian.org маалымдайт.

Өлкөнүн Жогорку соту 2006-жылы Улуттук гвардия менен Баңгизатын көзмөлдөө агенттигинин мурдагы жетекчиси Мирзоевди мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деп таап, мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен өмүр бою эркинен ажыраткан.

Мурдараак Куляб мамлекеттик университетинин жетекчилиги шаардын борборундагы жарым гектар жерди ээлеп турган генералдын үйүндө электрондук китепкана ачууну сунуштаган.

Бирок 10-ноябрда окуу жайдан үй оңдолуп, анда бала бакча ачылганын билдиришти. Университет жетекчилигинин айтымында, жаңы бала бакчада окуу жайда эмгектенген мугалимдердин балдары тарбияланат. «Бул имарат жаңы миссиясына киришүүгө толугу менен даяр. Үйдүн айланасындагы бийик таш тосмо алынып, аймак темир тор менен курчалды», — деп билдиришти окуу жайдан.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, жарандык согуштан кийин Гаффор Мирзоев шаардын ортосудагы жер тилкесин өзүнө алып, үйүн бийик тосмо менен курчап алган.

Учурда анын үч үй-бүлө мүчөсү — иниси Абдурасул Мирзоев, уулу жана карындашынын күйөөсү абакта камакта жатышат.

Эң көп окулган жаңылыктар