Бишкекте эки окуучу изделүүдө

11:22, 10 ноября 2017, Бишкек - 24.kg , Анара МАМЫТОВА

Бишкекте № 28 мектептин эки окуучу кызы изделүүдө. ИИМдин маалыматында 2004-жылы туулган Сезим

Фото
Мыктыбековна Тургуналиева 9-ноябрда мектепке кеткен бойдон кайра келген эмес.

Сезимдин бою 155-,чачы узун жана күрөң түстө, кара пальто жана юбка кийген.

Ошол эле күнү мектепке кеткен бойдон 2005-жылы туулган Мухамед кызы Азиза дагы дайынсыз болууда.

Азизанын бою 155-

Фото
ИИМдин билдирүүсүндө, кыздар бир класста окушат жана курбу. Алар 9-ноябрда мектепке келген эмес. Алардын акыркы жолу күндүзү саат 2.45те Горький жана Байтик-Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги VEFA-борбордон көрүшкөн күбөлөр бар.

Көргөндөр жана кыздар боюнча кандайдыр бир маалыматтарды билгендер болсо, төмөнкү телефон номурларына кабарлап коюуну суранышат: 0704900580, 0709 681 019, 0772 669 424, 0312 56 60 43, 102