Парламентте Казакстан менен келишимди жокко чыгарууга шашылбоо айтылды

12:20, 09 ноября 2017, Бишкек - 24.kg , Юлия КОСТЕНКО

Парламентте Казакстан менен келишимди жокко чыгарууга шашылбоо керектиги айтылды. Бул тууралуу бүгүнкү жыйында вице-спикер Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Анын айтымында, 100 миллион доллардан баш тартканы менен Кыргызстан анын ордуна башка акча булактарын таба элек.

Экономика министри Артем Новиковдун айтымында, келишимди үзүүдөн Кыргызстан эч зыянга учурабайт. Анткени, Казакстандан акча келе элек.

Министрдин маалыматында, 100 миллион долларга Мамлекеттик бажы кызматын, Санитардык жана эпидомологиялык көзөмөл департаментин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигин, Айыл-чарба министрлигин жабдуу менен камсыз кылуу каралган.

«Акчанын көпчүлүк бөлүгү жабдуу сатып алууга жумшалмак. Бирок, биз аны бюджетке киргизген эмеспиз. Ал эми жол картасын ишке ашыруу дагы эки жылга узартылды. Бизде дагы убакыт бар» — деди Артем Новиков.