Улуттук банк доллардын наркын түшүрүүгө аракет көрүүдө

11:37, 09 ноября 2017, Бишкек - 24.kg

Улуттук банк доллардын наркын түшүрүү үчүн финансалык рынокко интервенция менен чыкты. Банктын маалымат кызматынын билдирүүсүндө, 19, 45 миллион доллар сатылды.

Бул жыл башынан берки эң ири интервенция болду.

Улуттук банк акыркы жолу июнь айында валюталык рынокко чыккан.

Белгилей кетсек, өткөн жумадан бери доллар өсүп, 7 күн ичинде 70-8- тыйынга кымбаттады. Учурда анын баасы 69,4-69,55 сомду түзөт.