Кыргызстандагы күйүүчү май эки жумага гана жетет

11:29, 09 ноября 2017, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандагы күйүүчү май эки жумага гана жетет. Бул тууралуу бүгүн жыйында депутат Исхак Пирматов билдирди.

Ал ЕАЭБке киргенден кийин бензин өлкө пошлинасыз алынып келип жатканын белгилеп өттү.

«12-13- октябрдан бери бензин келбей жатат. Эки аптадан кийин күйүүчү май түгөйт. Эгер, пошлина менен алып келе турган болсок, анда баа кымбаттайт. Өкмөт маалыматтар бербей жатат», — деди Исхак Пирматов.

Депутат жарандарга бензин баасы өсөрүн ачык айтууну сунуштады.