Мектептердеги жыйымдар 100 сомдон ашпашы керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Тазабек Икрамов билдирди.
Депутаттын демилгеси менен мектептерди текшере турган топ түзүлдү.
«Мектептерде акча топтоо маселеси курч. Бир мектеп окуучусу ушу акчанын айынан окуудан чыгарылып, үч күн жоголуп кетиптир. Ал апасы менен ижарага алган батирде жашайт экен. Мен мугалимдерди айыптагым келбейт. Бирок, бул чектен чыккандык», — деди Тазабек Икрамов.