17:35, 08 ноября 2017, Бишкек - 24.kg
Жарандык активист Ренат Самудинов аялы Элнура Молдокадырова менен АКШдан башпаанек сурады. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, 19-октябрда КСДП партиясынын мурдакы мүчөсү Ренат Самудинов аялы менен чогуу Мексиканын аймагы аркылуу Америкага өтүүгө аракеттенген. Алардын визасы жок болгондуктан чек арада кармалды.
Тышкы иштер министрлиги маалымат такталып жаткандыгын билдирди.
Эскерте кетсек, Ренат Самудинов жайында президенттикке талапкерди көрсөтүүдө праймериз өткөрүү сунушунан кийин КСДП партиясынан чыгарылган.