Таластыктар Бишкекте курултай өткөрүү оюнан кайтты

14:48, 08 ноября 2017, Бишкек - 24.kg , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ

Таластыктар курултайды Бишкекте эмес Таласта өткөрүү чечимин кабыл алышты. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине жарандык активист Адил Турдукулов билдирди.

Анын айтымында, курултай 18-ноябрда Талас шаарында өтөт. Уюштуруучулар ага Жогорку Кеңештин депутаттарын, коомдук ишмерлерди жана аткаминерлерди чакырышат.

Жыйында президенттин облус элинен кечирим суроо талабы жана мөңгүлөрдү коргоо сунушу талкууланат.

Эскерте кетсек, 18-октябрда мамлекеттик резиденцияда студенттер менен жолугушууда Алмазбек Атамбаев 16-октябрда Таласта өткөн митингди сынга алып, анын уюштуруучуларын «Абыке-Көбөштүн урпактары» деп атаган. Облустун айрым тургундарынын айтымында, бул сөз алардын намысына тийди. Андыктан президенттен кечирим суроосун талап кылып келишет.