Бишкек-Манас жолундагы кырсыкта төрт киши набыт болду

09:58, 08 ноября 2017, Бишкек - 24.kg

Бишкек-Манас жолундагы кырсыкта төрт киши набыт болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Алардын маалыматында, 6-ноябрь күнү саат 20:22 чамасында № S52-94АК «БМВ» үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып бакты сүзүп, 1 адам жабыркап, 4 адам каза болду. Алардын экөө 25 жашта, бирөө 28 жана бирөө 31 жаштагы Сокулук районунун Озерное айылынын тургундары.