11:41, 03 ноября 2017, Бишкек - 24.kg
Өлкөдө калкты жана социалдык имараттарды жылытуу үчүн көмүр жетиштүү. Бул тууралуу 2017-2018-жылдагы жылуулук сезонуна даярдык боюнча өкмөттүн отурумунда айтылды.
1-ноябрга карата бюджеттик мекемелерге 146, 6 миң тонна көмүр даярдалды. Анын ичинен 92 миң тонна билим берүү тармагына жумшалат.
Калк кышында 1 миллион 74 миң тонна көмүр жагат. Азыр 638 миң тонна камдалды. 623 көмүр сатуучу жай ачылды.