«Элес» тобунун музыканты Айдин Жумалиев каза болду

10:33, 03 ноября 2017, Бишкек - 24.kg

«Элес» тобунун музыканты Айдин Жумалиев каза болду. Бул тууралуу алып баруучу Ассоль Молдакматова  Facebook баракчасына жазды.

Айдин Жумалиев боор жана өпкө илдети менен ооруган. Ал Түркияда дарыланып жаткан.

Фото

Анын дарылоосуна акча чогултулуп, концерт уюштурулуп, президент Алмазбек Атамбаев 500 миң сом бөлгөн.