Кыргызстан «Таза коом» программасын ишке ашырууга Белоруссиядан жардам сурады

09:36, 03 ноября 2017, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан «Таза коом» программасын ишке ашырууга Белоруссиядан жардам сурады. Бул тууралуу Сапар Исаков Ташкентте Белоруссиянын өкмөт башчысы Андрей Кобяков менен жолугушуудан кийин билдирди. 

Премьер-министрдин айтымында, эки тараптуу сүйлөшүүдө кызматташтык жана соода алака маселелери талкууланды. 

«Биз «Таза коом» долбоорун ишке ашырууга көмөктөшүүнү сурандык. Анткени, Минсктин бул жаатта тажрыйбасы бар» - деди Сапар Исаков. 

Андрей Кобяков Сапар Исаков менен Ереванда жолугушуу пландалып, бирок болбой калгандыгын, бул жолу актуалдуу маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө ыраазы экендигин айтты.