8-ноябрь жумуш күнү бойдон калат

17:24, 02 ноября 2017, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин аппараты 8-ноябрь боюнча тактоо таркатты.

Анда Эмгек кодексине 7-8-ноябрды эс алуу күнү катары жарыялоо боюнча өзгөртүү киргизген мыйзам долбоору биринчи окууда гана кабыл алынгандыгы айтылат. Андыктан бул жылы Тарых жана ата-бабаларды эскертүү күнү токтомдун негизинде белгиленип, 8-ноябрь жумуш күнү болуп эсептелет.