Бишкек 15 миллион сомго жаңы жылдык жасалга сатып алат

14:51, 02 ноября 2017, Бишкек - 24.kg

Бишкек 15 миллион сомго жаңы жылдык жасалга сатып алат. Бул боюнча тендер мамлекеттик сатып алуу порталында жарыяланды.

«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы 15 миллион 767 миң 650 сом 23-ноябрга чейин сунуштарды кабыл алат.

Эскерте кетсек, 2016-жылы Жаңы-жылдык жасалгага 13 миллион сом бөлүнгөн.