12:33, 02 ноября 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД
«Шайлоодон кийин биз саясый абал турукташат деп ойлогонбуз. Бирок, кайра курчуп кетти», — деп билдирди бүгүн «24.kg» агенттигинде өткөн кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал боюнча тегерек үстөлдө мурдакы премьер-министр Темир Сариев.
Анын айтымында, президент менен өкмөткө тез арада чечүүнү талап кылган бир топ маселелер топтолду.
«Соода жүгүртүүгү азайды. Бизнес чыгымга учурап жатат. Дыйкан-фермерлердин колу байланды. Мигранттарга дагы зыян тийүүдө. Салык аз топтолуп, кыргыз товарлары рыногун жоготууда. Бул чиелешкен маселе чек ара ачылышы менен эле чечилип калбайт. Анын таасирин жазында дагы сезебиз», — деди Темир Сариев.
10-октябрдан бери Казакстан чек арасында көзөмөлдү күчөтүп, Кыргызстанга бара жаткан жана Кыргызстанга келе жаткан жүк ташуучу унааларды өткөрбөй жатат.