Сапар Исаковдун Ташкентте Бакыт Сагинтаев менен жолугушуусу азырынча белгисиз

10:41, 02 ноября 2017, Бишкек - 24.kg

Премьер-министр Сапар Исаков Ташкентте Белоруссиянын жана Өзбекстандын өкмөт башчылары менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Ал Андрей Кобяков жана Абдулла Арипов менен бүгүн жолугушат. Эртен, 3-ноябрда ал КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйынына катышат.

Казакстандын премьер-министри Бакыт Сагинтаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү боюнча азырынча айтылбайт.

Эскерте кетсек, Казакстан 10-октябрдан бери Кыргызстан менен чек арасын күчөтүлгөн тартипте кайтарып, жүк ташуучу унааларды өткөрбөй жатат.