10:41, 02 ноября 2017, Бишкек - 24.kg
Премьер-министр Сапар Исаков Ташкентте Белоруссиянын жана Өзбекстандын өкмөт башчылары менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Ал Андрей Кобяков жана Абдулла Арипов менен бүгүн жолугушат. Эртен, 3-ноябрда ал КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйынына катышат.
Казакстандын премьер-министри Бакыт Сагинтаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү боюнча азырынча айтылбайт.
Эскерте кетсек, Казакстан 10-октябрдан бери Кыргызстан менен чек арасын күчөтүлгөн тартипте кайтарып, жүк ташуучу унааларды өткөрбөй жатат.