13:36
+6
USD 69.75
EUR 82.21
RUB 1.17
Кыргызча

Казакстан көмүрүн Кыргызстанга жөнөтүп баштады

Казакстан көмүрүн Кыргызстанга жөнөтүп баштады. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Дүйшөнбек Зилалиев билдирди.

Анын айтымында, кечээ Казакстандан алты вагон көмүр келген. Бүгүн эртең менен дагы тогуз келди.

Дүйшөнбек Зилалиев ноябрь айында 100 миң тонна көмүр келерин айтты.

Эскерте кетсек, октябрь айында Казакстан көмүрдү экспорттоого тыюу салган. Коңшу өлкөнүн бул чечиминен кийин өкмөт Бишкек Жылуулук станциясын жергиликтүү отун менен жылытууга өткөрүү чечимин кабыл алды.

 
Эң көп окулган жаңылыктар