22:48
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Москвада аялын өлтүрүп качып кетүүгө аракеттенген кыргызстандык мигрант кармалды

Москвада аялын өлтүрүп качып кетүүгө аракеттенген кыргызстандык мигрант кармалды. Бул тууралуу россиялык ЖМК маалымдайт.

Маалыматта Орто Азиянын жараны Москвада мекенине кетиш үчүн шашылыш акча издеп жаткандыгы тууралуу полицияга кабар жетип, ал мигрант туугандарынын үйүндө жашынып жүргөн жеринен кармалат.

12-сентябрда Люблино районунун Краснодарск көчөсүндө 23 жаштагы бычакталган аялдын сөөгү табылган. Кандуу окуя көчөдөгү видеокамераларга жазылып калган.

Тергөөнүн билдирүүсүндө, мигрант аялына кызганычтан улам 10 жолу бычак сайган.

Эң көп окулган жаңылыктар