15:22
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Султан Жумагулов Монголиядагы окуя кайталанбайт деп убада берди

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине талапкер Султан Жумагулов Монголиядагы окуя экинчи кайталанбастыгын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин жыйынында айтты.

Депутат Кожобек Рыспаев талапкерден үч жыл мурда Монголияга иш сапары менен учуп барган кездеги окуянын чоо-жайын сурады.

«Окуя үч жыл мурда болгон. Аны көбүнчө менин кесиптештерим көптүрүп жиберишкен. Бирок, мен жоопкерчиликти мойнума алып кызматтан кеткенмин. Эгер сиздер мени колдосоңуздар ал экинчи кайталанбайт деп убада берем», — деди Султан Жумагулов.

КТРКнын ал кездеги башкы директору Султан Жумагулов Монголияда иш сапары учурунда мас болуп, чыр салгандыгы, учакта дагы чатакташкандыгы маалымдалган. Арак ичкенин мойнуна алган Султан Жумагулов кызматын тапшырган.

Жогорку Кеңеш Султан Жумагуловдун Маданият, маалымат жана туризм министрлигине талапкерин колдоду.

Эң көп окулган жаңылыктар